www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Бүгүнкү популисттер – эртеңки аферисттер», - дейт Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков.
Анын айтымында, азыр популисттердин заманы болуп жатат.
«Популисттин жакшы да, жаман да жагы бар. Алсак, Владимир Путинди деле популист деп айтышат. Саясатчылардын сүйлөгөн сөздөрүнүн, чакырыктарынын баары популисттик да.
Мисалы, аткарылбай турган эле куру убадаларды бере берсең сени – популист деп коюшат.
А негизинде популизм деген бул – элдик саясатчы болуп элиталык саясатчыларга каршы чыккандар.
А бизде өзүнүн атактуу кылып көрсөткөн үчүн гана сүйлөгөндөрдү популист деп жатабыз. Эгер мени популист десе, мен ага арданбайм. Анткени мен элдин таламын талашып, элиталарга каршы чыгып жатам.
Биз 30 жылдан бери популисттерге ишенип жашап келе жатабыз! Популисттер Кыргызстанды башкарып алган. Бүгүнкү популисттер – эртеңки аферисттер», - дейт эл өкүлү.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg