www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Рыскелди Момбеков тергөө менен болгон келишим боюнча өз пикирин билдирди.
Депутат жаңы кодекстердин долбоорлору талкууланып жаткан Жогорку Кеңештин 30-июндагы жыйынында ал кодекстер парламентке 2018-жылы дагы киргизилгенин эске салды.
“Мен буга каршы чыккам. Силер алып келген кодекс тумандуу кодекс. Бул иштебейт. Бул Укук Коргоо органдарынын колу бутун байлап коёт” - деп белгиледи депутат.
Элди иренжиткен эки нерсе бар. Алар кустуруу операциясы жана тергөө менен кызматташуу. Ошол эки нерсе кодекске кирдиби?
Ал эми Башкы прокурор Курманкул Зулушев тергөө менен кызматташуу жаңы кодекстен алынып салынды деп жооп берди.
"Кызматташууда эл иренжип жатат. Ал жерде башка жол жок экен да. Тергөөчү же “стукач” же “сука” болосун дейт экен. Бирок алар тергөө иш-чараларынын алкагында өзүлөрү каалагандай төлөшөт. Мисалы 10 миллион долларды уурдап, кайра 10 миллион сом айыппул берип чыгып кетишет. Бул элдин нааразычылыгын жаратууда", - деди депутат.
Булак: NazarNews.kg