www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Сабыке салам! Кандайсың, эмне менен алексиң?

-- Салам Суке, жакшы, үйдө эле жатам. Тай жеген бөрүдөй болуп...

-- Кадрдык саясат тууралуу бир суроо: Алтынбек Сулайманов, Бакыт Төрөбаев ж.б. аткаруу бийлигине өтүп жатканын кандай баалайсың?

-- Алтынбек Сулайманов менен Бакыт Төрөбаев көп жыл Жогорку Кеңештин депутаты, партиялык лидерлер катары элге төбөсү көрүнүп калган жаңы муундагы саясатчылар. Алар бышып-жетилип, эл башкара турган куракка жакындап калышты.

Андыктан алардын аткаруу бийлигинде такшалып, тажрыйба топтогону жакшы. Алтынбек Сулаймановдун Ысык-Көлгө губернатор болуп дайындалышы кадрларды ротациалоо ишин толуктап, туура иш болду, айрым бир ичи тарларды айтпаганда, эл тарабынан жакшы эле кабыл алынды.

Ысык-Көлдүн кулуну Ошто губернатор болуп турса, түндүк жактан ротациянын канаты кайрылгансып калат экен.

Сооронбай Жээнбеков баштаган кадр ротациясын эл жакшы кабылдаган. Тең салмактуулукту бузбай улантса, элибиздин ынтымагын сактап, регионалист, трайбалисттердин оозун жапканга жакшы өбөлгө болорун турмуш тастыктады.

Бирок ротация деп эле майда-чүйдө айыл өкмөткө чейин кирип кеткен да болбойт экен. Ал эми министрлик, ведомстволордун алкагында кадрларды жерине байлабай, башынан эле ротациялап колдонуу, өң тааныштык, тууганчылдык, коррупция сыяктуу балээлерден сактарын унутпай, кеңейтип колдоно берүү керек.

“Алтынбек Сулаймановду алдыдагы аламандарда атаандаш катары жоготуу үчүн, депутаттыгынан ажыратуу үчүн алып барышты, жакында ал жактан көчөгө чыгарып коюшат” деген кептерди да угуп атабыз. Аны убакыт көргөзөт. Ушундай чоң калибрдеги кызматка кадрларды такшалтуу аракети ар дайым туруктуу, мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүшү керек деп эсептейм.

-- Бакыт Төрөбаев ж.б. дайындоолор тууралуу эмне дейсиң?

-- Бакыт Төрөбаев да Алтынбектен кем эмес депутаттык тажрыйба топтоду, ал дагы келечекте элге, жерге эгедер болот деген кадрларыбыздын бири. Саясаттагы жолунда “одоно ката кетирип, ичип-жеген чоң коррупцияларга аралашты” деген жаманаттысын, булганычтыгын уккан жокпуз. Аткарылбаган убадалар кимде жок? Төрөбаев өмүр бою депутат болуп жүрүп өтүп кетмек беле?

Аткаруу бийлигине барганы туура болду. Тажрыйба алсын. Бакыт Төрөбаевдин аткаруу бийлигине келишин “Акылбек Жапаровдун ордун алганы келди” дегендер да чыгышты. Келечегинде андай болушу да толук мүмкүн. Бирок азыр Бакыт өкмөт башчылыкка даяр эмес. Тажрыйба жетишсиз. “Акылбектин ордун алам” дегенди эмес, “тажрыйбасын алам” десе жарашат.

Бакыт Төрөбаевдин аткаруу бийлигине аттанышын мен “Ата Журт Кыргызстан” партиясынын күчтөнүүсү катары карап атам. Шайлоодо көптөгөн саясатчылар “Ата Журт Кыргызстан” партиясынын катарында катышты, баары депутат болгон жок. Ошондуктан жылыштыруу, аткаруу бийлигин колго алуу, күчтөнүү аракеттери жүрүп жатат.

-- Негизинен кадрдык саясаттагы алешемдиктер тууралуу кандай ойдосуң? Ызы-чуу токтобой атканы эмнеден?

-- Ооба башаламандык, ызы-чуу көп. Азыр соцтармактардагынын баары отдел кадр болуп кетишкен. Өң тааныш, кыргызчылык аркылуу кызматка жол табуу практикасы дагы деле жетиштүү.

“Кусуп”, “саалып”, соттолуп бүткөндөрдү кайра башынан дайындай баштаганы Садыр Жапаровдун аброюна катуу таасир этип, рейтинги төмөндөп атат. Экономикалык жактан туруктуулукка кошулган салымдар кадрдык адилетсиздиктерге жем болуп, аракеттердин акыбети кайтпай, “мартышкин труд” болуп аткандай элес калтырат.

Чынында кадрдык саясаттагы бардак тууралуу тынымсыз ызы-чуулардан башыбыз чыкпай калды. Айрыкча мамлекеттик структураны оптималдаштыруу, кыскартуу ишчарасындагы мыйзамсыздыктар чектен чыгып кетти.

Конкурс менен дайындалган мамкызматкерлердин укугун коргоону мамкадр карабай, коргобой эле, каалаганын бошотуу, башаламан, тааныштык аркылуу дайындоолор жүрүп, көп жылдык тепкичтерди басып өткөн даярдыгы бар мамкызматкерлер көчөгө ыргытылып, даярдыгы жок, талаалап жүргөн, атын жаза албагандар кызматка келип атат.

Жаңы депутаттар мурдагыдай өкмөттүн портфелин бөлүштүрбөй калганынын ордун толтуруу максатында экиден жардамчы алышты. Эми ага ыраазы болбой, Жогорку Кеңештин аппаратынын штатына өз тааныштарын тыгып киргизүү менен алек. Өкмөт, президенттин аппаратындагылардын баары өз жакындары үчүн ортого түшүп, болельщик болуп жүрүшөт.

“Таанышың болсо танкасың, таанышың жок болсо маңкасың” деген заман келип, колдоочусу барлар жетимиш жашка чыккан пенсионер болсо да ордунда калып, колдоочусу начар болсо пенсияга бир жыл калганына карабай айдалып, ордуна көчөдө жүргөн депутаттардын өң тааныштары дайындалып, мыйзамды сыйлоо, сактоо (!) деген түшүнүктөр такыр унутулуп, Жогорку Кенештин ичи чаң сапырылып аткан учуру.

Садыр Жапаров болсо иш баштарындагы “баары калыс, ачык-айкын, конкурстун гана негизинде болот” деп айтканын унутуп калгандай...

Булак: Азия News гезити

Последние новости