www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30-мартта орус аскерлери Буча шаарынан чыгып кеткен.

31-марта Бучанын мэри эфирге чыгып "орустарды кууп чыктык, биз кыйынбыз, жеңебиз!"- деп өлө мактанып атат. Кичинекей шаарда киши өлгөнү тууралуу бир ооз кеп жок.

Бүгүн Украинанын 2-апрелде Бучада тарткан видеосу эфирге чыкты. ВСУ спецназы зачистка жасап, көчөдөгү талкаланган машиналарды жылдырып жүрөт, баягы көчө, эч кандай өлүк жок.

Анан дагы эки күндөн кийин, 4-апрелде ВСУ менен батыштык журналистер келсе көчөдө ончакты өлүк жатып калат. Өлүктөр катпаган, кан деле карарып катпаган, өлүктөрдүн баары бети көрүнбөйт, көмкөрөсүнөн жатат. Атайылап шашылыш жасаганы билинип калды. Бүгүн Орусия ООНдун совбезине Буча маселесин көтөрсө, Британия "блокировать" этип отурат. Беттери түгөнөөрү билинип калды.

Адамдар Орусту, Батышты колдоп бөлүнүп калды. Батышты колдогондор орусту жамандаганды гана көргүлөрү келет, ошондой маалымат чыкса калп болсо да таркатып кубанып калышат, анан мисаалы Мариүополдогу бооз блогершага окшоп калпы чыгат. Алар болсо, ал калпты эстегилери келбейт, жаңы фейк менен "жыргап" аткан болот. Ушундай болуп калды азыркы турмуш.

Сабырбек Муканбетов, эркин журналист

Последние новости