www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин "оорукананы элге кайра кайтаруу" деген пикири боюнча комментарий берди. Анын билдирүүсү социалдык тармактарга жарыяланды.

"Оорукананы кайра түзүп, мени жумуштан "алдым" деген өңүттөгү маалыматтар тарап жатат. Министр кечээ ооруканага эртең менен мен жокто келиптир. Мас абалында болуп ар нерсени айтыптыр. Бүгүн мага канча, 35 киши жазылгансыңар. Мен азыр министрге барып жолугушум керек. Силер менин иштегенимди каалайсыңарбы?", - дегенин угууга болот.

Видеодон бейтаптардын академикти колдогонун, министрдин кылып жатканы уят экенин белгилешет.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектеги Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборун шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрү кабарланган. Кийинчерээк министр Алымкадыр Бейшеналиев аталган борборду кайра түзүүнү “оорукананы элге кайра кайтаруу” деп сүрөттөгөн. Себеби Сабырбек Жумабеков жогорку кызматтагы тааныштары аркылуу ал жердеги оорукананы жоюп, жок жерден эле аталган борборду түзүп, өзү кетпес жетекчи болуп алган деген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости