www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун мурдагы жетекчиси Сабырбек Жумабеков өткөн жума күнү президент Садыр Жапаров менен жолукканын жана эмне тууралуу сүйлөшкөнүн айтып берди.
Бүгүн, 14-февралда Жумабеков кайрадан түзүлүү алдында турган Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун эмгек жамаатына директордун убактылуу милдетин аткара турган Памир Муратовду тааныштырган.
"Жума күнү президентке жолугуп чыктым. Ал киши биздин илимий иштерибиздин баарын түшүнүү менен кабыл алды. Кеп креслодо эмес, негизги максатыбыз илимий практикалык мекемени сактап калуу, элге кызмат кылуу болчу. Мен коллективде калып иштей берем. Өзүмдүн иш бөлмөмдө бейтаптарды кабыл алууну жана илимий иштеримди улантам. Мага жана менин кол алдымда иштеп келген кесиптештериме эч кандай куугунтук, текшерүүлөр болбойт. Бул президенттин (Садыр Жапаров - ред.) сөзү, айта бар деди", — деп маалымат берди Жумабеков Sputnik агенттигине.
Ал иштешкен жамаатына ыраазычылыгын билдирген.
Эске салсак, февралдын башында Саламаттык сактоо министрлиги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы кылып кайра түзүлөрүн билдирген. Анын алкагында саламаттык сактоо министри Бейшеналиев борбордун жетекчиси Сабырбек Жумабековду иштен алып, ордуна директордун милдетин аткаруучу кылып Гулия Кожакматованы дайындаган.
Бирок кийинчерээк министрлик буйрукка өзгөртүү киргизип, оорукананы директордун ордуна башкы дарыгер башкарат деген чечим чыгарган. Ага чейин башкы дарыгер болуп Дамир Дүйшөнов дайындалган.
Бирок министрлик травмотология борбору ооруканага айланганга чейин мекеменин жетекчиси директор деп аталып турарын белгиледи.
Булак: NazarNews.kg