www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сабырбек Жумабековго 40 мамлекеттен чакыруу келди

Сабырбек Жумабековго 40 мамлекеттен чакыруу келди! Бул тууралуу дарыгер Жумабековдун тараптштары социалдык тармактарга жазууда.

«Сабырбек Жумабековду кызматтан алды! Бирок, Сабырбек Жумабековго 40 Башка мамлекеттерден чакыруу келди! Колдо бар алтындын, баркы жок деген ушул! Биз Кыргыздын чыгаан уулдарын көзү өткөндө эле баалап кадырлаган эл болдук!..», - деп жазышууда.

Эске салсак, февралдын башында Саламаттыкты сактоо министрлиги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы кылып кайра түзүлөрүн билдирген. Анын алкагында саламаттык сактоо министри Бейшеналиев борбордун жетекчиси Сабырбек Жумабековду иштен алып, ордуна директордун милдетин аткаруучу кылып Гулия Кожакматованы дайындаган. Бирок кийинчерээк министрлик буйрукка өзгөртүү киргизип, оорукананы директордун ордуна башкы дарыгер башкарат деген чечим чыгарган. Ага чейин башкы дарыгер болуп Дамир Дүйшөнов дайындалган. Бирок министрлик травмотология борбору ооруканага айланганга чейин мекеменин жетекчиси директор деп аталып турарын белгиледи.

Ал эми кечээ, 14-февралда Памир Муратов Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директорунун убактылуу милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости