www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

21-июлда Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 15-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ал инвестиция тартуу, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана жарандар үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Мыйзам менен “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамдарына төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:

– сугат айдоо жерлерин Кыргыз Республикасынын аэропортторунун аймактарын кеңейтүү жана аэропорт куруу үчүн бөлүнгөн жерлерге которууга (трансформациялоого) мораторий жайылтылбайт;

– айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготуулары жана жоготулган пайдасы аэропортту куруу жана Кыргыз Республикасынын аэропортторунун аймактарын кеңейтүү үчүн жерлерди которууда, ошондой эле Министрлер кабинети тарабынан мамлекеттик маанидеги объекттерди куруу чөйрөсүндө жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында аныкталган мамлекеттик милдеттерди ишке ашырууда орду толтурулбайт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости