www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Манас» айылы Дөөлөт Сыдыковдун, ал эми ак үй менин менчигим эмес. Бул тууралуу Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

— «Манас» айылын талкалап, 5 сотых жерине кирип кетти деп Али Токтакунов менен манасчы Дөөлөт Сыдыков айтып чыгышты эле. Чын эле «Манас» айылынын жери кирип кеттиби?

«Манас» айылы Дөөлөт Сыдыковдун, ал эми ак үй менин менчигим эмес. Көрүбүзгө көтөрө кетпейбиз. Элдики. Чектери биригип турат. Анча-мынча бурч болуп кармалып калган кашааларын түздөп салып жатышат. «Манас» айылын дагы жаңылап салабыз. Азыркы ахывалын барып көргүлөчү. Адамдар эмес, ит көргүс.

Биз аны накта «Манас» айылы кылып жасайбыз. Азыркы турушун, архитектурасын «Манас» айылы деп айткандан уяласың. Манаска тиешелүү эч нерсеси жок. Логикага сыя турган бир дагы архитектурасы жок.

Ошондуктан аны жаңылайбыз. Эл тамшануу менен кирип тургудай кылабыз. Мындан сырткары Манас айылынын мандайына Манас театрын салабыз.

Ушул жерден бир нерсени айтып коеюн. Өзүн акылдуу сезип, акыл үйрөткөндөр өздөрүн бир эсе мекенчил сезсе, мен алардан жүз эсе мекенчилмин. Манас атабыз менин жүрөгүмдө бала кезимден бери жашайт. Бала кезимде кечкисин мал тейлеп келип олтурганда, атам менен апама «Манас» китебин окуп берет элем. Алар кунт коюп угушар эле.

Ошондуктан, менин азыркы жасап жаткан ар бир ишим, кайсы убакта болбосун, эл тараптан «жакшы иш болуптур» деген баа бергидей жасап кетем. Ошол үчүн бардык жасап жаткан иштеримди сындагандын ордуна колдоп тургула. Өкүнбөйсүңөр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости