www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Бүгүнкү күндө бийликти күч менен алмаштырууга эч негиз жок. Биз андайга негиз да бербейбиз», — деп билдирди Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде.
«Тилекмат Күрөңов кайра эле «биз көппүз, Ташов экөөбүз эле эмеспиз» деп бет тырмачылык кылып атат. Булардын артында тымызын жаткан топтор бар. Биз аларды беш колубуздай билебиз», — деди ал.
Анын айтымында, мурда бийлик башындагылар өздөрү баш болуп ууруларга, криминалдарга кошулуп алышчу. Клан-клан, жердеш-жердешчилик болуп, мамлекетти жакындарына башкартып, экономиканы уурдап, сазга батырып, шайлоолорду адилетсиз өткөрүп, элди ирээнжитип, чыдамын түгөтүшчү. Мына ошол үчүн революциялар болуп турган.
«Биз андайга жол бербейбиз. Шайлоолорду адилеттүү, так, таза өткөрүп турууга эркибиз жетет. Бизде башка өлкөлөрдөгүдөй, бюллетенди илгеркидей кол менен санамай жок. Жасоого да мүмкүн эмес. Мурдакыдай биринин бюллетенин экинчисине кошуп, кимдир бирөөнүн добушун көбөйтүп санап коюу мүмкүн эмес. Шайлоо бүтөрү менен жарым сааттын ичинде кимдер өткөнүн автоматташтырылган шайлоо системасы чыгарып коет. Андан кийин бюллетендерди байкоочулардын катышуусунда кол менен да санап чыгышат.
Башкаруу системасына болсо жакындарыбызды аралаштырган жокпуз. Экономикабыздын кандай өсүп жатканын өз көзүңүздөр менен көрүп атасыздар. Дагы эмне керек? Кимде ким баш аламандык уюштурам деген максатта эл топтой турган болсо, жообу катуу болот. Көп эл топтоп алып анан жанагыдай артынан атып же жардыруу кылып карапайым элдин арасынан бирөө жарымдын жабыр тарттырбай алдын алып, андай арам ойлуу лидерлердин сазайын колуна беребиз. Биз мурдакылардай аларды «эркелетип» олтурбайбыз. Биз үчүн мамлекеттин жана карапайым элдин коопсуздугу биринчи орунда турат.
Ал эми бийликке келгиси келгендерге мыйзам чегинде шайлоо жолу менен бийликке келе бергиле демекчимин», — деди мамлекет башчысы.
Булак: NazarNews.kg