www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет башчы чет элдик блогердин сөзүнө комментарий берди

Президент Садыр Жапаров чет элдик блогер Анастасия Ахметованын социалдык тармактарга тараган Ысык-Көлдөгү уран казуу боюнча сүйлөгөн сөзүнө комментарий берди. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Facebook баракчасына жазды.
«Өлкөнүн өнүгүшү жана элдин биримдиги үчүн кыргыз элине кайрылат элем. Өзүн Борбор Азия боюнча экспертмин деп эсептеген чет элдик жаран Анастасия Ахметова чет өлкөдө жүргөндө жалган маалымат таратуу менен кыргызстандыктарды тукуруп, чыңалуу жаратууга аракет кылууда. Бул блогер аял өзүнүн видеосунда белгилүү британиялык Ротшильддердин үй-бүлөсү Кыргызстандагы уранды иштетүүгө катышы бар имиш, анын натыйжасында “кыргыз бермети” – Ысык-Көл жоголуп кетиши мүмкүн деп ырастайт.
Анализге жөндөмдүү инсан үчүн бул аял Ысык-Көлгө кооптонуп жаткандай түр көрсөтүп, чагымчылдык, араздашууну көздөп жатканы айдан ачык.
Акыркы жылдары өлкөбүз өнүгүү жолу менен бара жатат. Кыргызстандын экономикасынын өсүшү баарына эле жага бербейт. Бизди алсыратып, Ата-Мекенибизди туруксуздаштырууну каалагандар толтура. Бул тышкы күчтөргө ишенбеш керек. Мен блоггер аялга жана башка кызыкдар тараптарга кайрылгым келет. Биз, кыргыздар, Ысык-Көлгө кам көрөбүз жана аны сактап калабыз. Ал жерде мелиорация иштери жүрүп жатат. 
Биздин республиканын аймагында уранды байытуу боюнча эч кандай иштер жүргүзүлбөйт. Урматтуу мекендештер, сиздерден суранам, чындыкты жалгандан, досту душмандан ажыратып, белгисиздик заманыбызда интернеттен келген маалыматты кылдаттык менен талдап чыгууну суранам. Сырткы душмандын сөзүнө ишенбе, ага алдырба. Башкалардын биздин ички иштерибизге кийлигишүүсүнө жол бербешибиз керек», - деди Садыр Жапаров.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости