www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун бөйрөк трансплантациясы боюнча командасын кабыл алды, деп маалымдашты борбордон.
Жолугушууга Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев катышты. Борбордун командасына төмөнкүдөй милдеттер коюлду: 2 айдын ичинде кадрдык дареметин чыңдоо, трансплантология бөлүмү үчүн штат бөлүү, лабораториялык кызматты күчөтүү, генетикалык изилдөөлөрдү баштоо, дары-дармек менен камсыздоону жакшыртуу жана трансплантациялардын санын көбөйтүү.
Жолугушуунун катышуучулары Кыргызстандагы бөйрөк трансплантациясынын абалы жана келечегин талкуулашкан.
Учурда өнөкөт гемодиализ алып жаткан бейтаптардын саны 3300гө жетип, аларды дарылоого жыл сайын мамлекеттик бюджеттен 3 млрд сомдон ашык каражат бөлүнөт.
Борбордун маалыматы боюнча, бөйрөктү алмаштыруу терапиясы жыл сайын 7-14%га өсүүдө. Бөйрөктү алмаштыруу терапиясын алып жаткан оорулуулардын өсүшү 1 млн адамга 38ди түзөт. Бир сеанс диализдин баасы 6500 сом болгондо, бир бейтапка жылына 936 миң сом өлчөмүндө республикалык бюджеттен чыгымдарды талап кылат.
Бөйрөк трансплантациясы менен салыштырганда, анда бир бейтапка жыл ичинде иммуносупрессивдүү терапияны каржылоонун көлөмү 250 миң сомду түзөт, программалык гемодиализдин чыгымдары кыйла жогору, деп маалымдайт борбор.
Кыргызстанда алгач ирет туугандар аралык бөйрөк трансплантациясы 2012-жылы жасалган, ал эми Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 70ке жакын операция жасалган.