www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров БУУнун баш катчысы Гутерриш менен жолукту

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарындагы БУУ Катчылыгынын имаратында уюмдун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, жолугушуу алдында Жапаров БУУнун жазуу китебине уюмга жакшы каалоо-тилектери менен билдирүү калтырган.

Антониу Гутерриш Жапаровду жылуу кабыл алып, анын тоо экосистемаларын коргоо боюнча демилгелерин колдой турганын айткан. Ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалга токтолуп, өлүм учурлары катталганына байланыштуу мамлекет башчыга көңүл айткан. Гутерриш Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселесинин чечилишин чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгилеген.

Садыр Жапаров тажик тарап мурда жетишилген макулдашууларды бузуп, 14-15-16-сентябрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге кол салганын эске салды. Ал БУУнун башкы катчысына Кыргызстанга өзгөчө көңүл бөлүп жатканына ыраазы болуп, колдоосун баалай турганын билдирген.

Мындан тышкары, мамлекет башчы Кыргызстан 2023-2027-жылдарды "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы" деп жарыялоо идеясын илгерилетип, бул жөнүндө Башкы ассамблеянын 77-сессиясында резолюция долбоорун демилгелегенин айтып берди. Буга байланыштуу Жапаров көп тараптуу каржы институттарын Тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүү фондун түзүүгө инвестиция салууга, тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрүнө көбүрөөк көңүл бурууга жана аларды чечүүгө чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости