www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, Баткенде Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып аймактагы чек ара меселесин чечүүнү убада кылды. Өз сөзүнө мамлекет башчысы бул маселе кийинки муундарга калбай турганын билдирди.
"Жалпы республиканын өндүрүш комплексинде Баткен облусунун экономикасы маанилүү орунду ээлеп, чоң потенциалга ээ. Мына ушундай өлкө чеги башталган жерде жайгашкан, зор потенциалга ээ аймакты өзүнчө облус кылып түзүү иштери өз маалындагы эң туура чечимдердин бири болгон.
Тилекке каршы, башталган кадам андан ары ташталбай, облус макамындагы аймакка анчейин көңүл бурулбай келгени, албетте, өкүндүрөт. Буга чейин чечилбей, бийликтен бийликке көйгөйлүү мурас болуп кала берген чек ара маселесинде чыр-чатактар куралдуу жаңжалга айланып, кейиштүү окуялар да болуп кетти. Биз, Кудай буюрса, мындай көрүнүштү кийинки муундарга калтырбайбыз", - деди ал.
Баткен облусу Кыргызстан Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен аймакта жайгашкан. Тажикстан менен чек аранын 40%, Өзбекстан менен 15% тактала элек. Жер жана суу талашка байланыштуу Баткендин чектеш тилкелеринде чыр-чатак көп катталат.
2021-жылдын жазында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта ондогон адамдын өмүрү кыйылган, социалдык инфраструктура талкаланган.
Нооруз майрамын өлкө жетекчилигинин катышуусунда майрамдоо иш-чарасы Баткенде биринчи жолу өтүп жатат.
Булак: NazarNews.kg