www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Би-Би-Сиге курган маегинде коомчулуктун учурдагы актуалдуу суроолоруна жооп берген.
Президент биринчиден, сөз эркиндигине эркиндик берип, экинчиден, өлкө башчы катары баарын бирдей көрүшү керектигин билдирди.
"Үй-бүлөдө деле он балаң болсо бир-экөө начар чыгат. Анан аларды кодулап, бөлүп таштай албайсың да. Баарын бирдей жакшы көрөсүң. Мага сын айтып жаткандарды, тилдеп жаткандарды жаман көрбөйм. Сотко бербейм. Кечирим суратпайм. Сабырдуулук кылып тим коюп жатам.
Бирок чектен ашып бара жатса, катуу тарбиялап койгонго эрким жетет. Чектен чыкпаш керек. Жүз пайыз элдин баарына жакпайсың. Жасалып жаткан иштерди бири туура түшүнөт, бири тескери түшүнөт. Бири көрүп айтат, бири көрбөй айтат. Жакшы иштерди көрүп турса дагы көргүсү келбеген адамдар бар", - дейт ал.
Өлкө башчы аны колдоп такка олтургузган 80 пайыз шайлоочуларга эч кам санабоосун айтты.
"Мен баш көтөрбөй жакшы иштерди жасай берем. "Жөжөнү күздө санайбыз". "Жөжө санаар" мезгил келгенде эч качан силерди жер каратпаймын", - деди президент.
Булак: NazarNews.kg