www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров эң көп каржыланган министрликти атады

Билим берүү министрлигине быйыл кошумча 16 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин республикалык жыйынында президент Садыр Жапаров билдирди. Анын айтымында, муну менен Билим берүү министрлиги – эң көп каржыланган министрлик болду.

“Мында бардык категориядагы кызматкерлердин айлык акысы 50%дан жогору көтөрүлдү. Эмгек акы системасы калыбына келтирилип, оклад системасына өткөрүлдү. Ошондой эле категорияларды дагы киргиздик. Орто мектептеги мугалимдердин айлыгы орточо 80 пайызга өстү дегенибиз менен, чындыгында, айрым учурда маяна үч эседен ашык көтөрүлдү. Маселен, Лейлек районундагы башталгыч класстын мугалимин алсак, педагогикалык окуу жайды бүтүргөн, эмгек стажы жок мугалим буга чейин 7 миң 200 сом алса, эми 21 миң 800 сом алат. Ысык-Ата мектебинде эмгек стажы жок, бакалавр даражасына ээ математика сабагынын мугалими 10 миң 450 сом алса, мындан ары 25 миң 300 сом ала баштайт”, - дейт Жапаров.

Жапаров мугалимдердин айлыгы мындан ары дагы жогорулай турганын айтып, бирок аларга карата катуу талаптар коюла турганын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости