www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн Franklin Templeton Глобалдык инвестициялык-финансылык холдингинин башкы инвестициялык директору Манрадж Секхон баштаган делегацияны кабыл алды.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, өз ара кызыкчылык туудурган кызматташуунун келечектүү долбоорлору тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда эл аралык каржы уюмдары жана инвесторлор менен ар кандай тармактарда кызматташууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын баса белгиледи. Кыргыз тарап инвестицияларды тартуу жана ишкердик чөйрөнү жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө умтулат.

Өз кезегинде Манрадж Секхон өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди, ошондой эле Кыргыз Республикасында Улуттук бакубатчылык фондун түзүү боюнча идеялары менен бөлүштү.

Фонддун максаты - мамлекеттик ишканаларды башкаруунун натыйжалуулугун жакшыртуу, капиталды жана стратегиялык инвестицияларды тартуу, ошондой эле башка социалдык-экономикалык көрсөткүчтөргө жетишүү болуп саналары айтылды.

Фонд Кыргыз фондулук биржасында жана глобалдык аянтчалардын биринде листингден өткөрүлөт.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасында Улуттук бакубатчылык фондун түзүү идеясы президент Садыр Жапаров тарабынан колдоого алынды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости