www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров иш сапары менен Орусияга барат

Президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча 20-21-февралда Орусия Федерациясына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Мамлекет башчысы Казань шаарында өтө турган «Келечек Оюндары» эл аралык мультиспорттук мелдештердин расмий ачылыш аземине катышат. Бул иш-чарада 21 өзгөчө инновациялык дисциплиналар боюнча ар кыл өлкөлөрдөн келген 260тан ашык команданын жана 2000ге жакын спортчулардын жана компьютердик (кибер) спортчулардын катышуусунда фиджитал спорт, компьютердик (e-sports) спорт түрүндөгү спорттук мелдештер топтому өткөрүлөт. Чет мамлекеттердин бир катар башчыларынын, көрүнүктүү эл аралык жана коомдук ишмерлердин, ири IT компанияларынын жетекчилеринин катышуусу күтүлүүдө.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин жана Татарстандын башчысы Рустам Миннихановдун эки тараптуу жолугушуулары өтөт.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү маселелерди талкуулашат», - деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости