www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Көк бөрү боюнча клубдар аралык l дүйнөлүк чемпионатты ачты. Иш-чара Ысык-Көл районундагы Булан-Соготту айылындагы ат майданында өтүүдө.

Президент өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:

Ассалоому алейкум кадырман калайык калк!

Урматтуу меймандар!

Кадырлуу спорт сүйүүчүлөр жана көк бөрүнүн күйөрмандары!

Бүгүн жалпы эле спорт күйөрмандары үчүн өзгөчө күн. Кыргыз бермети болгон касиеттүү Ысык-Көлүбүздүн жээгинде бир катар өлкөлөрдүн ат жалында ойногон жигиттеринин катышуусунда көк бөрүчүлөрдүн кыл чайнашып, намыс талашкан мыкты оюнуна күбө болгону турабыз.

Алгач баарыңыздар менен дүйнөлүк чемпионатка тете бүгүнкү көк бөрү боюнча эл аралык мелдеште жүз көрүшүп турганыма кубанычта экенимди билдире кетейин.

Урматтуу меймандар, кадырлуу коноктор аскар тоолуу, көк майсаңдуу ажайып кооз кыргыз жергесине, дүйнө эли суктанган Ысык-Көлгө кош келиңиздер!

Ата-бабаларыбыз бизге бейиштей көз талдырган табият менен кошо жүрөк туйлатып, кан кызыткан улуттук оюндарды, улутту улут кылып сактап келаткан нарк-насилди аманат кылып калтырып кетишкен экен. Айкөл Манас бабабыз “Кулаалы таптап куш кылып, курама жыйып журт кылып” биримдиктин бийик үлгүсүн көрсөтүп, бир эл – бир журт болуп жашаган көп улуттун уюткусун мурастаптыр.

Соңку тарыхта өлкөбүз көз карандысыздыкка ээ болгону бир топ сыноолор менен кыйынчылыктардан башынан өткөрдү. Ийилди, бирок сынган жок. Бабалардын дем-күчү менен мамлекетибиз бүгүн дүйнөлүк коомчулукта өз ордун татыктуу ээледи. Баба наркын, ата салтын сактап келаткан муун бар үчүн Кыргызстан эгемендүүлүгүн, элдүүлүгүн, нарк-насилин, улуттук каада-салтын жоготпой, көк-бөрүдөй улуттук оюндарын дүйнөгө даңазалап, мынакей бүгүн дагы эл аралык ири иш-чара өткөрүүгө белсенип турат.

Кыргыз эли өзүнүн нарк-насили, үрп-адаты, каада-салтты менен эл болуп, улут болуп сакталып келген. Ошондон улам, улуттук оюндар урпактан-урпакка өтүп, көөнөрбөс мураска айланды. Канча кылым өттү, канча муун алмашты. Бирок эзелтен бери ойнолуп келген кыргыздын улуттук оюндары бүгүнкү күндө дагы терең маанисин, таалим-тарбиясын, актуалдуулугун жоготкон жок. Көпчүлүктүн жарпын жазып келген көк бөрү дагы кыргыз элининин байыртадан ойнолуп келе жаткан улуттук оюндарынын бири.

Кыргызда “көк бөрү – бул эрендердин эр оюну” деп жөн жеринен айтылып калган эмес. Анда карылуу жигиттер тайманбастыгын, шамдагайлыгын, эпчилдигин көрсөтүп, эл оозуна алынып, “аты Алайга, даңкы далайга” жеткен. Кыргыз эли бүгүн да андай жигиттерден куру эмес.

Чындыгында эле бул эрендердин эр оюну улакчыдан чапчаңдыкты, намыска бектикти, карандай күчтү талап кылат. Демек, көк бөрү эрки күчтүү, эч нерседен жалтанбаган, эл-жерин коргоого ар дайым даяр турган жоокерлерди өстүрүп чыгат.

Кезинде залкар жазуучу Чынгыз Айтматов агабыз: “Эрендердин эр оюнун мурас калтырып кеткен ата-бабаларыма кулдугум бар оу” – деп бекеринен тамшанбаган чыгар.

Көк бөрү оюну жүрөгүндө жалыны бар жаштарды команда менен иштөөгө, учуру келгенде чукул чечим кабыл ала билүүгө, чыдамкайлыкка, эрктүүлүккө, атуулдукка тарбиялайт. Учурдан пайдаланып, ушундай мааниси терең көк-бөрү оюнун андан ары өнүктүрүүгө, кеңири жайылтууга салым кошуп жаткан улакчыларга, алардын машыктыруучуларына, кара кылды как жарган калыстарга, улуттук спорт тармагынын жалпы кызматкерлерине жана күйөрмандарга терең ыраазычылык билдиремин!

Ата-бабалардан мурас катары калган дөөлөттөрдү бүгүнкү күндүн баалуулуктары менен жуурулуштуруп, жалпы коомчулукту бийик адеп-ахлакка багыттоо, жаштарды дене тарбия жана спорт аркылуу сергек, алдуу-күчтүү, ден соолукта болууга, бекем эркти, мүнөздү калыптандырып, турмушта кез келчү оош-кыйыштарды жеңип чыгууга үйрөтүү бүгүнкү күндүн башкы талабына айланды.

Ушул жагдайдын маанилүүлүгүн эске алып, кызматка киришкенимдеги биринчи Жарлыгым “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы” болгон эле.

Улуттун саламаттыгы бүгүнкү күндө мамлекеттик саясатыбыздын артыкчылык берилген багыты болуп саналат. Күчтүү Кыргызстанды куруу үчүн өлкөбүздө ден соолугу чың, эрки бекем, мекенчил жаштарды тарбиялоо зарыл!

Көк бөрү оюну Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына кирип, эл аралык деңгээлдеги спорттун түрү экенин тастыктап, оюндун географиясы кеңейип, кулачын жайды. Дүйнө жүзүнөн көптөгөн күйөрмандарды топтоп, эл аралык денгээлге чыгууга дагы бир кадам жасады.

Намыс үчүн жигиттердин көзүн жайнатып, карууларын карыштырып, ооздуктарын чайнап, көбүк бүрккөн аргымактарын алкынта ат ойноткон, намыс козгогон көк бөрү оюну бир аптадан ашык созулуп, улакчылардын кан кызыткан оюндары эл-журтубузга, бүгүнкү меймандарыбызга эстен кеткис маанай гана тартуулабастан, эл аралык ынтымакты бекемдөөгө дагы чоң салымын кошот деген ишеничтемин.

Калыстыкты туу туткан кыргыз эли ар бир команданын артыкчылыгына баа берет, улакты тай казанга таамай таштап, жараткан ийгилигине кубанат, тамырында ата-бабалардын канын дүргүткөн көк бөрүгө жан дили менен күйөрмандык кылат.

Эл аралык мелдештин катышуучуларына эр оюнда өздөрүнүн күчүн, майтарылгыс эркин, мыкты чеберчилигин көрсөтүп ийгиликке жетишин, оюндардын жаракатсыз өтүшүн тилейм.

Көк бөрү – эр оюну, күчтүүлөр жеңсин!

Акылман элибиз аман, ажайып жерибиз тынч болсун!

Жараткан өзү колдосун!

Көңүл бурганыңыздарга чоң ыракмат

Последние новости