www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров 4-мартта судьялардын курултайында Конституциялык соттун жана Жогорку соттун жаңы жетекчилери жакында дайындалганын эске салды.
«Ошол жетекчи кызматтарга жалпы сот системасы үчүн чындап күйгөн, анын ишин алдыга жылдырууга кудурети жете турган, тажрыйбалары зор, таза, потенциалы күчтүү, амбициялуу адамдар келди деп ойлойм. Албетте мурдагы төрагалары дагы жаман иштеген жок.
Жакшы иштеди. Бул жерден жөн гана ар бир 3-5 жылда алмашып турса, реформалар тез-тез жүрүп турат деген гана үмүт. Сиздерге жеке мен эле эмес, бүткүл кыргыз эли чоң үмүт артып олтурат.
Андыктан, элдин үмүт-тилегин актап иштешиңер керек», - деди президент. 2-февралда Конституциялык соттун төрагалыгына Эмил Өскөнбаев, Жогорку соттун төрагалыгына Замирбек Базарбеков дайындалган.
Булак: NazarNews.kg