www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров мектептерди окуу китептери менен толук камсыздоо үчүн кошумча 7 млрд сом бөлүү чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын маалыматына караганда, акыркы эки жылда окуу китептерин басып чыгарууга 1,3 млрд сомдон ашык каражат жумшалып, 9,6 миллиондон ашуун жаңы китеп даярдалган.

Ошого карабастан, айрым мектептерде окуу китептеринин жетишсиздиги көйгөйү толук чечиле элек.

Алагөзовдун айтымында, мындан ары Агартуу министрлигине ар бир мектепте кайсы сабактар боюнча канча китеп жетишпей жатканын жана алар качан жеткирилерин ачык жарыялоо тапшырмасы коюлат.

Ошондой эле «Учкун» басмаканасынын мүмкүнчүлүгү жетишсиз болгон учурда окуу китептерин басып чыгарууга башка басмаканаларды тартуу сунушталды.

Мындан тышкары, мамлекеттик мектептердин окуучуларына акысыз берилүүгө тийиш болгон китептердин базарларда сатылып жатканы боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө.

Китептердин бөлүштүрүлүшү тиешелүү документтердин негизинде иликтенип, мыйзам бузуу аныкталса, жооптуу адамдарга чара көрүлөт.

Последние новости