www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров:

Садыр Жапаров: "Мен корко турган адам эмесмин. Керек болсо бир өлүп, кайра тирилгем..."

Журналист: ЭЛИЗА ХАМРАЕВА
09.06.2022, 14:03
35063
|

Мен кландык башкарууга, мамлекеттин мүлкүн талап-тоноого жол бербеймин. Ага күчүм да, духум да жетет. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Би-Би-Сиге берген маегинде билдирди.

"Атамбаевдин тарапташтары мага доомат арткыдай, анын үйүн мен конфискация кылган жокмун. Атамбаевдин үйү Жээнбеков маалында, ал эми Бакиевдин үйү Атамбаев маалында эле соттун чечимдери менен конфискация болгон. Андан бери эч кыймылсыз каралбай жаткан. Азыр ал үйлөр - мамлекеттики.

Түбөлүк каралбай жаткыча карылар менен балдар үчүн пайдалуу иш жасап коелу деп курулуш иштерин баштап жатабыз. Ал эми коркутуу аралаш кайрылуу жасаган Атамбаевдин тарапташтарына төмөнкүчө жооп берет элем.

Мен корко турган адам эмесмин. Коркуу сезиминен эбак эле өтүп, керек болсо бир өлүп, кайра тирилип келген адаммын. Эгер мен Атамбаевге окшоп уурдап, президент боло калып эки жыл өтпөй мультимиллиардер болуп калсам, коркутса болот эле. Менин корко турган эч бир терс иштерим жок.

Ошондуктан жөнү жок башаламандык кылам дегендерди башынан сылабайбыз. Жаза катуу болот. Кландашып кеткен жерим жок. Ким мамлекет үчүн иштебей жатса, кызматтан кетип атышат.

Ким уурдап атса, камалып, уурдаганын жүз эсе кайтарып берип, бошонуп чыгып жатышат. Мен кландык башкарууга, мамлекеттин мүлкүн талап-тоноого жол бербеймин. Ага күчүм да, духум да жетет", - деди Жапаров.

Булак: NazarNews.kg



Поделитесь с друзьями