www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Хамас Газа тилкесинде ок атышпоо келишиминин экинчи этабы боюнча сүйлөшүүлөр башталганын жарыялады.
Хамастын басма сөз катчысы Абдуллатиф Кану, азыркы этапта алар палестиналыктарды турак-жай менен камсыздоо жана кайра куруу менен алектенип жатышкандарын айтты.
«Ок атышпоонун экинчи этабы боюнча сүйлөшүүлөр башталды» деген Кану, Израилдин келишимдин гуманитардык жагына байланыштуу протоколго тоскоол болууга жана анын аткарылышын кечеңдетүүгө аракет кылып жатканын баса белгиледи.
Палестина калкы үчүн баш калкалоо жана жардамдын кечиктирилгис гуманитардык маселеси болгонун белгилеген Кану : «Элибиз муну басып алуучу күчтөрдүн кечиктирүүсү жана тоскоол болушуна чыдай албайт. Бул массалык кыйроодон кийин ооруканалардын курулушу, жолдор менен суу кудуктарынын кайрадан курулушу Газаны кайра жандандырат»,-деди.
Батыш Шериадагы окуяларга да токтолгон Кану: «Палестиналыктардын өзүн коргоого укугу бар, Тубастын чыгышындагы Тахасир көзөмөл пунктундагы операция Батыш Шериада күчөгөн агрессияга каршы жүргүзүлдү. Баскынчы күчтөрүнүн жоопко тартылбашы жана эл аралык уюмдардын унчукпай калуусу Израилди Газадан кийин да кыргын согушуна үндөөдө»,-деп айтты.
Израилдин Газа жана Батыш Шериадагы палестиналыктарды укуктарынан ажыратуу аракетинин текке болорун белгилеген Хамастын катчысы Газада ийгиликке жете албаган Израилдин Батыш Шериада да сөзсүз ийгиликке жете албастыгын белгилеп: «Согуш эрктердин согушу»,-деди.