www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда жазгы майрам күндөрүндө касса кирешелери жаңы рекорддорду койуп жаткан чакта, өлкөнүн эң популярдуу тасмаларынын айрымдары АКШнын ири шаарларындагы кинотеатрларда көрсөтүлүүдө.
Лос-Анджелестин борборундагы белгилүү кинотеатрда англисче субтитр менен "Чайнатаун детективи, 1900-жыл" аттуу кытай тасмасы көрсөтүлүп жатат. Бул фильм АКШдагы кытай диаспорасында гана эмес, кытай тилин билбеген көрүүчүлөр арасында да чоң кызыгууну жаратты.

"Менимче, ар түрдүү сценаристтердин жана ар башка маданияттардан чыккан фильмдердин тартылышы абдан маанилүү. Акырында сюжеттик линия башкы ролду ойнойт. Эгерде ал башкача болсо, элди сөзсүз кызыктырат. Өзүм дагы аны көрүүгө кызыкдармын", — деди Лос-Анджелестин тургуну Ви Картер.

4-февралда саат 16:46га карата Кытай кинотеатрлары жазгы майрам ("Чуньцзе", салттуу Кытай жаңы жылы) учурунда 9,2 миллиард юандан (1,27 миллиард АКШ долларына жакын) ашык киреше тапканы Beacon онлайн платформасынын маалыматына ылайык белгилүү болду.

Бул көрсөткүч Кытай киноиндустриясынын тарыхындагы "Чуньцзе" майрамындагы эң чоң киреше болуп калды жана 2025-жылы Кытайдын дүйнөлүк касса рыногунда Түндүк Америкадан озуп чыгышына шарт түздү.

"Бул жарым-жартылай Кытай тасмаларынын өндүрүш сапатынын тез жогорулашына байланыштуу. Экинчи жагынан, алар кытай көрүүчүлөрү көргүсү келген — Кытай тууралуу жана кытайлыктардын жашоосу тууралуу окуяларды айтып берүүдө. Ошондуктан кино рыногу мурункудай эмес", — деди Түштүк Калифорния университетинин Американо-кытай институтунун директору Клейтон Дубе.
Кытай дүйнөлүк касса рыногунда лидерликти камсыздай бергени менен эксперт Кытай менен АКШ киноиндустрияларынын ортосунда катуу атаандаштык болушун күтөт.

"Менимче, бул эки рынок үстөмдүк кылган бойдон калат. Кытайдын кино рыногу дагы чоңоет деп ишенем. Ошондой эле "кытай элементтеринин" үлүшү дагы көбөйөт деп ойлойм", — деди Клейтон Дубе. 

Последние новости