www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашагандар көчүрүлөт

Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашаган тургундар көчүрүлөт. Бул тууралуу ӨКМ маалымат тартты.

Маалыматта айтылгандай, жыл сайын жаз, жай мезгилдеринде жаан-чачын көп катталып, кардын эришинен пайда болгон суулар жердин жаракаларына толуп, жер көчкүлөр активдеше баштайт.

Андыктан ӨКМдин Жалал-Абад башкармалыгына караштуу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары, жергиликтүү бийликтегилер жер көчкү жүрө турган аймактарда жашаган тургундарды алдын ала коопсуз тилкелерге көчүрүү үчүн эскертме баракчаларын таркатып, түшүндүрүшүүдө

Алсак, Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү тургундарына кооптуулук боюнча маалыматтар берилип, тез арада көчүп чыгуу зарыл экени эскертилди.

Бегилей кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагында ар кандай мүнөздөгү 1020 кооптуу тилке бар.

Последние новости