www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун катышуучуларына Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Россиянын президенти Владимир Путин видеокайрылуу жолдоду.
Садыр Жапаров Россия Кыргызстан үчүн негизги инвестициялык жана стратегиялык өнөктөштөрдүн бири экенин белгиледи. Мамлекет башчысы кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн продукциясын Россиянын рыногуна чыгарууну кеңейтүү маанилүү багыттардын бири экенин айтты.
Ал эми Владимир Путин Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду тарабынан 1 миллиард доллардан ашык каражатка жакын 4 миң долбоор каржыланганын билдирди.
Ошондой эле Кыргызстанда россиялык капиталдын катышуусу менен 2 миңден ашуун ишкана ийгиликтүү иштеп жатканын белгиледи.
VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму эки өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын талкуулоо максатында өтүүдө.