www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын райондорунун борборлоруна беш кабаттуу үйлөр курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Сокулуктагы мобилдик клиникага барып, жарандар менен баарлашуу учурунда айтты.

Өлкө башчысы ар бир айылда жер тилкелерине муктаж болгондор көп экенин, бирок алардын баарына түз жерлер жетишпей турганын белгилеген.

"Мындан улам биз энине кетпей, бийиктикке кетели деп жатабыз. Министрликтер, айыл өкмөттөр, акимиаттар, мэрия өкмөттүн жерлерин алып алган экен. Ошонун баарын МИКке алып бердим. Эми ар бир аймактын жер титирөөгө туруштугуна ылайыкташтырып, жети, тогуз кабаттуу үйлөрдү салабыз", — деди ал.

Президент азыркы учурда Бишкектин өзүндө эле 10 миңдей батир салынып жатканын кошумчалады. Айтымында, анын үч-төрт миңи жашоочуларга быйыл берилет. Жалал-Абадда 2,5 миң батир курулуп жатканын белгилеп, Нарын, Таласта да курулуштар башталарын айткан. Ошондой эле Жапаров жолугууга келген тургундарга үч-төрт жылда аларга да кезек келерин белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости