www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров 23-июлда Чолпон-Ата шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды.
Жолугушууда ТМУ алкагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жана уюмдун артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алышуу болду.
Мамлекет башчысы ТМУга мүчө өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсү туруктуу өнүгүп жатканын белгилеп, экономикалык байланыштарды тереңдетүүнүн, транспорттук жана башка инфраструктураны өнүктүрүүнүн, ошондой эле биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн айтты.
Садыр Жапаров Түрк инвестициялык фондунун мүмкүнчүлүктөрүн активдүү пайдалануунун зарылдыгын белгилеп, аны мүчө мамлекеттердин артыкчылыктуу демилгелерин колдоочу маанилүү механизм катары баалады.
Ошондой эле ТМУнун маданий-гуманитардык жана социалдык-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү ролун күчөтүү керектиги белгиленди.
Жолугушуунун соңунда тараптар уюмдун алкагында мындан аркы тыгыз кызматташууга даяр экенин билдиришти.