www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров 19-февралда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууга Балыкчы шаарынын, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун активисттери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Жолугушуу жүрүшүндө мамлекет башчысы иш-чарага келгендерге өлкөдөгү акыркы социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр, алдыда аткарыла турган келечектүү инвестицилык долбоорлор туурасында айтып берди.

Анын ичинде аталган аймакка чектеш орун алган “Кызыл Омпол” кен жайын иштетүү планы боюнча да талкуу жүрдү. Тургундарга тийиштүү маалымат берилип, алардын суроолоруна эксперттер жана Мамлекет башчысы жооп берди.

Ошондой эле, жыйындын катышуучулары мамлекеттин жарандарды турак-жай менен камсыздоо программасы, коррупция менен күрөшүү, коомдук транспорт менен камсыздоо, жөлөк пул жана дарыгерлер менен мугалимдердин эмгек маянасын көтөрүү, инфраструктуралык объектилерди куруу өңдүү социалдык маселелерди көтөрүштү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости