www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн бейформал саммитинин алкагында “Түрк цивилизациясынын борборун” пайдубалынын курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышты. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Азем Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиевдин, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын жана Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда видеоконференция режиминде өттү. 

“Түрк цивилизациясынын борбору” долбоору түрк элдеринин тарыхый-маданий мурастарын сактоого, изилдөөгө жана жайылтууга багытталган. Борбор түрк дүйнөсүнүн руханий борборлорунун бири болуп эсептелген Түркстан шаарында курулат.

Долбоордо санариптик жана интерактивдүү технологияларды колдонуу менен заманбап маданий-билим берүү аянтын түзүү каралганы белгиленди. 

Андан ары ТМУ өлкөлөрүнүн лидерлерине жасалма интеллект экономикасын жана Уюмга мүчө-мамлекеттердин санариптик өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү стратегиясы сунушталды.

Казакстан тарап презентациянын жүрүшүндө санариптик инфраструктура, жасалма интеллект, спутник байланышы жана эсептөө кубаттуулуктарын өнүктүрүү тармактарында ишке ашырылып жаткан демилгелер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле мамлекеттик башкаруу системасына санариптик чечимдерди киргизүү ыкмалары да көрсөтүлдү. 

Мындан тышкары, ТМУга мүчө-мамлекеттердин инновациялар, технологиялык алмашуу жана санариптик трансформация жаатындагы кызматташтыгын кеңейтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

 

Последние новости