www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы карызды өз убагында төлөйбүз. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров билдирди.

"Кыргыз мамлекети 2023-жылдан 2028-жылга чейин 400 млн доллардан ылдый эмес карызды төлөйт. Мунун ичинен 75%ы тышкы карыз. Мамлекеттик карызды тейлөөгө алдыңкы 5 жыл катары менен туруктуу түрдө 35-40 млрд сомдун тегерегинде каражат жумшалат.

Мунун 50%ы Кытай Эл Республикасынын Эксим банкына төлөнөт. Консолидацияланган бюджеттин көлөмүн 400–600 млрд сомго жеткирүүнүн максаты дагы ушул себептен. Алдыдагы 10 жыл ичинде 30 жылдан бери алган карыздарыбызды төлөшүбүз керек. Төлөй албасак, өзүңүздөргө белгилүү болгондой, өлкөнүн беделине шек келгени турат.

Нет описания.

2020-жылы эле эмгек акыларды көтөргөндү, жол, мектеп жана башкаларды салганды, ири долбоорлорду пландап, ишке ашырганды мындай кой, тышкы карызыбыздан кантип кутулабыз деген маселе күн тартибине коюлуп, айлабыз куруп турган маал экенин эске сала кетейин. Өлкөбүздө тынчтык, элибизде ынтымак болсо, мындан кийин карызды өз убагында, бир күн кечиктирбей төлөйбүз. Буга мамлекети - биздин күчү жетет. Киреше булактарыбыз пайда боло баштады.

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасында тышкы карыздын ИДПга карата көрсөткүчү АКШ, Грузия жана Арменияга салыштыр малуу туруктуу болуп саналат", - деп Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости