www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров дун чакыруусу менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 30-июлда Кыргызстанга келди.

Тамчы аэропортундагы учактан аны президент Садыр Жапаров тосуп алды.

Сапардын макамы — мамлекеттик. Сүйлөшүүлөр Чолпон-Ата шаарындагы №2 мамлекеттик резиденцияда өтөт.

Ардактуу конокту тосуп алуу үчүн улуттук каада-салт жана көчмөн маданияты айкалыштырган атайын маданий-салтанаттуу программа даярдалган. Анда салбуруун элементтери орун алды. Аэропортто боз үйлөр тигилип, алардын жанында улуттук бий аткарылды. Ошондой эле конокторду улуттук кийимчен атчандар жана алп баатырлар тосуп алышты.

Андан соң президенттер Чолпон-Ата шаарына жөнөп кетишти.

Сапардын жүрүшүндө бетме-бет форматында жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөр пландалган. Жыйынтыгында бир катар мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык документтерге кол коюу пландалууда.

Последние новости