www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы эл аралык кырдаал глобалдык коопсуздук жана дүйнөлүк экономика жактан алып караганда оптимизмди деле жаратпайт. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын саммитинде билдирди.

Анын айтымында, коопсуздукка залакасын тийгизчү коркунучтар жана аскердик-саясий чыңалуу ЖККУ аймагынын бардык чек араларына жетти.

"ЖККУга мүчө-мамлекеттердин ички ишине сырттан кийлигишүүгө аракеттер болуп жатканы байкалууда. Жыл башында мамлекеттердин бириндеги күтүлбөгөн коопсуздук кризисин токтотууга туура келди. Биз дароо майнаптуу жооп бере алдык", — деди президент.

Мамлекет башчынын айтымында, баарынан да ЖККУнун түштүгүндөгү чек арадагы кырдаал кооптуу бойдон калууда. Биринчи кезекте Афганистандын кээ бир провинцияларындагы радикалдык диний-террордук түзүмдөрдүн тоскоолдуксуз ишмердүүлүгүнөн улам кооптуулук жаралууда.

"Афган көйгөйү көңүл чордонунда болушу керек деп эсептейм. Ошол эле учурда афган элине колдоо көрсөтүү керек", — деген Жапаров.

Ал санкциялар согушу да тынчсыздандырып жатканын белгилеген.

"Кыргызстандын экономикасы коронавирус пандамиясынан кийин өзүнө келе элек. Эми санкция боюнча кырдаал азык-түлүк жана энергетика коопсуздугуна коркунуч туудурууда. Санкциялардын кесепетин жумшартып, биздин өлкөлөрдө социалдык-экономикалык абалдын начарлашына жол бербөө үчүн аны талкуулап, бирдиктүү мамилелерди иштеп чыгуу зарыл", — деген ал.

Ал аталган маселелерди бир жумадан кийин Бишкекте өтө турчу ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчыларынын саммитинде талкуулоо мүмкүнчүлүгү болорун кошумчалаган.

Эскерте кетсек, саммит Москва шаарында өттү. Ага Армения төрагалык кылды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости