www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, Ош шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына катышты.

Иш-чара “Жаңы Кыргызстан” тасмасын көрсөтүү менен башталып, андан соң майрамдын мааниси, табият менен адамдын ортосундагы шайкештиктин маанилүүлүгү, ошондой эле жаңылануу жана кайра жаралуу жөнүндө театралдаштырылган оюн-зоок коюлду.

Андан кийин мамлекет башчысы жалпы кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады.

Куттуктоо тексти:

“Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Ордолуу Ош дубанынын тургундары!

Урматтуу мекендештер!

Табияттын төрт мезгили ырааты менен алмашып, Мекенибизде жаздын деми ойгонгон учур. Илгертен эле табият менен таттуу мамиледе жашап келген элибиз бир күнү жылга тете болгон жаздын келишин чыдамсыздык менен күтүшкөн.

Ата-бабаларыбыз жаңылануунун башаты катары жаздын келишине өзгөчө маани берип, көптөгөн чыгыш элдери менен катар жаз майрамы – Ноорузду белгилеп келишкен. Бул күнү кары дебей, жаш дебей кош өгүз менен буурсун тартып, жер бетине бороз салып бараткан дыйкандын артынан ээрчий, этектериндеги буудайды кочуштап чачып, эртеңкисине кам көрүшкөн. Күн менен түн теңелген Нооруз күнү эл журттун амандыгын, мал-жандын эсендигин, тынчтыкты тилеп, ырыскынын, токчулуктун майрамы катары карап, берекелүү күздө мол түшүм берүүнү Жараткандан суранышкан.

Бүгүн мен мына ушундай аталар салтын улап, айланасы көрккө бөлөнгөн, береке-куту төгүлгөн ордолуу Ош шаарынан жалпы кыргызстандыктарды, дүйнөнүн булуң-бурчунда болсо да ар дайым жүрөгү Мекен деп соккон мекендештеримди бүгүнкү Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктап, жамы журтума молчулук, ыйман-ынсап, акыл-парасат, ырыскы, береке тилеймин. Нооруз майрамыңыздар менен, кутман элим!

Ош шаары дегенибизде үч миң жылдан ашуун тарыхы бар ордолуу шаар эске келет. Байыртадан Жер ортолук деңизди, Европаны, Жакынкы Чыгышты, Памир, Тибет, Кытай жана Индия менен байланыштырып турган Улуу Жибек Жолунун ири соода борбору катары таанылган Ош шаары – жалпы кыргызстандыктардын бирден бир сыймыгы!

Калаанын дал ортосунда дүйнө эли суктанган ЮНЕСКОнун баалуулуктарын толуктаган Сулайман-Тообуз, шаарды аралай аккан ак шоокумдуу Ак-Буура дарыябыз, бабабыз Бабур суктанган саябан бактуу жайыбыз, эмгекти сүйгөн көп этностуу калкыбыз жана меймандос элибиз менен даңкталган сүйүктүү шаарыбыз кимди болбосун, өзүнө тартып турат.

Кезинде “Көз карандысыз мамлекеттердин маданий борбору”, “Түрк дүйнөсүнүн маданий очогу”, “Улуу Жибек Жолунун провайдери” аттыкан шаарыбыздын кадыр-баркы, абырою барган сайын артып барат.

Сулайман-Тоо, Ак-Буура менен өзгөчөлөнүп турган мына ушул ыйык шаар көп улуттуу элибизде ынтымак байырлаган баалуулуктарынан алыстабастан, учурда саясий, экономикалык, илимий жана маданий багытта өнүгүү жолунда баратат.

Урматтуу шаардыктар, бабалар калтырган, дүйнө эли суктанган шаарыбызды бапестеп сактап, өнүктүрө берели.

Быйыл сыймыктуу Ош шаарыбызга республикалык бюджеттен 2 млрд 700 млн сом акча каражаты каралып, ага шаардын 11 көчөсү, тротуарлары, жашыл аймактары менен кошо капиталдык ремонттон өткөрүлөт. Жол оңдоочу техниканын эскилиги жеткен экен, тиешелүү техника сатылып алынат.

Биримдиги, байгерчилиги жана меймандостугу менен айырмаланган Ош шаарын мындан ары өркүндөтөлү!

Ал эми жалпы Ош облусунун жол инфратүзүмүн жакшыртууга өлкөнүн Турукташтыруу фондунан кошумча 4 млрд сом бөлүнүп берилди. Бул каражатка облустагы 3 стратегиялык автожол: Өзгөн – Мырза-Аке-Кара-Кулжа, Ош-Баткен-Раззаков авто жолунун Ноокат-Кызыл-Кыя бөлүгү жана Ош-Кара-Суу автожолу оңдолмокчу.

Урматтуу агайын-туугандар!

Жергебизди жаркыткан Нооруз майрамы быйыл ыйык Рамазан айына туш келип олтурат. Өзүңүздөр билгендей, рамазан тазаруу деген мааниде келет. Жаратканга тобо келтирип, жамы журтубуз жан дүйнөсүн аруулантып, жалпы Кыргызстандын жаркын келечегине кам көрөлү.

Кыргызстандын өсүп-өнүгүшү өлкө аймагындагы туруктуу абалдан, бейпил замандан көз каранды. Айтайын дегеним, Кыргызстандын жаркын келечеги элибиздин тынчтыгы менен тыгыз байланышкан чек араларыбыздын чечилишинен башталат. Өзүңүздөр билгендей, мындан 3 жыл мурун коңшу Өзбекстан менен чек арабызды тактоого жетиштик эле. Андан соң жеке эле баткендиктерди эмес, жалпы кыргыз журтчулугунун жүрөгүн өйүтүп, Тажикстан менен 1924-жылдан бери, бир кылым бою чечилбей келаткан чек ара маселесин түбөлүккө чекит койдук. Төрт жылдын ичинде чек араны ой-чуңкурунан бери жакшы билген адистер менен бел чечпей иштешип, “жети өлчөп, бир кесип”, бир айылдын эмес, бүтүндөй бир мамлекеттин кызыкчылыгы деп олтуруп, акыры жөнгө салууга жетиштик. Албетте, ата-бабаларыбыздан бери медер тутуп, мекендеген айрым жерлерибизди алмашуу оңойго турган жок. Ошентсе да эки мамлекеттин чек араны тактоо боюнча өкүлдөрү эки жактын кызыкчылыктарын ортого салып, талашып-тартышып, кызыл чеке болуп олтуруп, акыры кыргыз-тажик чек ара сызыгы такталып бүттү. Чек араларыбыздын толук такталышы Кыргызстандын көз карандысыздыгы менен бүтүндүгүнүн чыңдалгандыгын айгинелеп турат.

Кудай буйруса, 31-март күнү Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын - үч мамлекеттин чек аралары кесилишкен жеринде үч өлкөнүн президенттери жолугушабыз, ноталар менен алмашабыз жана үч өлкө биргелешкен Декларацияга кол коюшуп, түбөлүк достук, түбөлүк ынак коңшулук мамилелерди бекемдейбиз.

Кудай буюрса, мындан ары Баткен чек арасында жайгашкан мекендештерибиздин кооптонуу менен кечирген ар бир күнү бейкапар турмушка айланат. Журт которууга туура келген баткендиктерге мамлекет бардык шарттары эске алынган үйлөрдү салып берет.

Мындан ары кыргыз-тажик чек арасы – тынчтыктын, бейпилдиктин чек арасы, коңшулук ынак кызматташуунун чек арасы болот. Кыргыз-тажик-өзбек чек ара сызыгынын аныкталышын эл аралык уюмдар жана дүйнө коомчулугу тегиз кубаттоого алышкандыгын да баса белгилеп айта кетейин.

Эми биз ынак кызматташууну жаңы деңгээлге алып чыгуу үчүн Борбор Азия мамлекеттеринин арасында бир-бирине визасыз каттоо, ал эми башка мамлекеттерден келген меймандар үчүн бирдиктүү виза менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн баарында жүрө берүү демилгесин көтөрүп жатабыз.

Урматтуу мекендештер!

Мен быйылкы Нооруз майрамында жандуу жаратылыш кубулушу катары баары жаңылана баштаган жаз менен кошо жан дүйнөбүз дагы тазарып, аң-сезимибиз аруулансын деп тилек кылаар элем. Эрезеге жетип, акыл-эс кирген өспүрүмдөн тарта, тажрыйбага тунган ак сакалдуу карыларыбызга чейин дыңды бузуп, жаңы үрөн сепкен дыйкан сымал, өткөн замандын өтүрүк көз караштарын таштап, ата-бабалардын нарк-насили менен намысты туу тутуп алдыга умтулган көз карашты карманууга мезгил келди деп ойлойм.

Биз жаңы Кыргызстанды курууга багыт алып, баарын тартипке салуунун аракетин көрүп жатабыз.

Алгач “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”, андан кийин идеологиялык багыттагы “Улуттук нарк” жана башка жарлыктарым кабыл алынып, күнүмдүк көртурмуштан өйдө көтөрүлүүгө, көөнө нарк-насилибизге кайтып, аны боюбузга терең сиңирип алып жүрүүгө, элдин бийликке, бийликтин элге болгон ишеничин жандандырууга жасаган аракеттерибиз акырындап үзүрүн бере баштады. Мына ушундай аракеттеги изги жолдорубуз даңгыр жолго кошулуп олтуруп, уңгужолго айланды! Акыры жамы журтубуздун бир муштумдай түйүлгөн, көөнө руханий баалуулуктары үчүн күйүнгөн, өнүгүүгө бет алган демин колдоо максатында “Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө жарлыкты кабыл алдым.

Жамы журт ыйык туткан нукура руханий баалуулуктарыбыз миңдеген жылдар бою тарых майданынан сүрүлүп калбай, бүгүнкү күнгө чейин бизди эгемен эл катары сактап келди, мындан ары да сактай берет. Дүйнөлүк бийиктикке умтулууда Уңгужолубуз улуттук демдин өзөктүү жолу болуп берет. Биз буюрса, Уңгужолубуз менен мамлекеттик, коомдук-саясий, жарандык институттардын ишин бир нукка салып, нарк күткөн, салт билген мекенчил, заманбап илим-билимге умтулган, ар кыл өнөр-кесипке үйрөнгөн жогорку маданияттуу жарандарды калыптандырып, күчтүү Кыргызстанды курабыз.

Урматтуу мекендештер!

“Жаздагы аракет – күздөгү берекет” деген накыл кеп бар элибизде. Мурда мамлекетте өнүгүү, жарандардын ийгилиги, өзүн такшалтуусу билим, илимге гана негизделери кагаз жүзүндө гана айтылып келсе, эми аны турмушка ашыруу биздин башкы максатыбыз болуп турат. Мындан улам, азыр коомубузда сөз болуп аткан 12 жылдык билим берүүнүн артыкчылыктарына учкай токтоло кетейин. Артка кылчайып, тарыхка көз чаптырсак, 3 жылдык, 8 жылдык, 10 жылдык жана 11 жылдык билим берүү системаларын башыбыздан өткөргөнбүз. Азыр болсо дүйнө тынымсыз, күн сайын өзгөрүү жолунда. Дүйнө жүзүндө өнүккөн 150дөн ашуун өлкөдө заман талабына ылайык, 12 жылдык билим берүү системасы аркылуу окутуунун мазмуну, билим берүүнүн ыкмалары өзгөрдү. Мурдагыдай түшүнсө-түшүнбөсө дагы эрежелерди жаттоону таштап, алып жаткан билиминин турмушта пайдаланууга, кесипке эрте багыт берүүгө басым жасалууда. Дагы бир топ өзгөчөлүктөрү менен 12 жылдык окуу системасы алгылыктуу деп табылып, ийгиликтерди жаратууда. Мындай шартта биз дүйнө баскан жолго багыт алышыбыз керек керек деп эсептейм. Алгач анын күнгөй-тескейлерин талкуулап, максат-милдеттерин аныктап алдык, тиешелүү жоболору бекитилди. Ошентип биз дүйнө агымынан калбоого далалат кылып жатабыз. Ансыз деле технологиялык жактан 100 жыл артта калдык.

Көйгөй жарата турган маселелерин четинен чечип келатабыз, бул иштерди да ыкчамдатабыз.

Биз билим берүү тармагына материалдык, моралдык-идеологиялык колдоо канча керек болсо, ошончо колдошубуз зарыл. Анткени билим андан алда канча ашык ийгиликтерге жеткирерин баарыбыз билебиз. Билим берүүнү жолго коймоюнча, башка тармактардын ыкчамдап өнүгүшү кыйын деп так кесе айта алам!

Алдыбызда артыкчылык берилген билим берүү системасын жолго коюудан сырткары, бир топ максаттарыбыз бар. Жаратылыштын жандануусу аркылуу жазда башталган айыл чарба иштери менен кошо өлкөбүздү өнүктүрүү жаатында башка иш-мерчемдерибиз дагы арбын.

Быйылкы жыл өлкөбүз үчүн өзгөчө мааниге ээ. Анткени Кыргызстан экономикабызды чыңдоого, жашоо сапатын жогорулатууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган ири өзгөрүүлөрдүн мезгилине кадам таштады.

2025-жылы өлкөбүздө бир катар маанилүү стратегиялык объектилер ишке кирет. Алардын ичинде өлкөбүздү экологиялык жактан таза энергия менен камсыз кылууга чоң салым кошо турган Жалал-Абад, Ош жана Нарын облустарында курулуп жаткан жаңы ГЭСтер бар. Ош облусунда текстиль өнүмдөрүн өндүрүүчү фабрика ишке кирип, жүздөгөн жаңы жумуш орундары түзүлөт. Ал эми Чүй облусунда жаңы логистикалык борборлордун курулушу башталып, соода жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейет. Республика аймактарында курулуш материалдарын чыгаруучу ишканаларды ачабыз. Борборубуз Бишкекте заманбап автовокзал жана Ош базары ачылып, жүргүнчүлөр жана соода кылуучулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Ошентип, быйыл жалпысы 128 ишкананы ишке киргизебиз деп турабыз.

Урматтуу мекендештер, жогоруда мен алардын айрымдарын гана атап өттүм, бул долбоорлор – жаңылануунун жарчысы болгон Нооруз сыяктуу жалпы аракетибиздин жана жаркын келечекке болгон умтулуубуздун жыйынтыгы болот.

Кадырлуу калайык-калк!

Кымбаттуу мекендештер!

“Пейил оңолмоюн – иш оңолбойт” деп айтылган кеп бар элибизде. Күн менен түн теңелип, жан бүткөндүн баары жаңыланууга бет алган учурду туюнткан Нооруз майрамы менен кошо аң-сезимибиз өзгөрүп, демибиз жаңырсын, дүйнөлүк бийиктиктерге умтулалы!

Ар бир үй-бүлөдөн тарта мамлекетибизге чейин ушу жылга койгон ой-максаттарыбыздын, иш-пландарыбыздын өтөөсүнө чыгалы. Ак эмгек, ар-намыс жана жаратман иш менен Кыргызстаныбызды өнүктүрүүгө салым кошолу.

Биздин күчүбүз – улуттук баалуулуктарыбыз менен урагыс биримдигибизде! Ошондуктан, көп этностуу өлкөбүздөн ынтымак, достук, ырыскы-кут кетпесин!

Урматтуу кыргызстандыктар, улустун улуу күнүндө айтылган тилектердин баары орундалсын, кабыл болсун!

Нооруз майрамыңыздар кут болсун!”.

Последние новости