www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандагы укук коргоочу, активист, журналисттер 21-мартта президенти Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, ички иштер министри Уланбек Ниязбековго ачык кайрылуу жолдошту. 60тан ашуун кишинин аты-жөнү жазылган кайрылууда 20-мартта камалган журналист, активист Канышай Мамыркулованы бошотуу чакырыгы жазылган.
«Кыргызстанга белгилүү, чындык, акыйкаттык үчүн күйгөн белдүү журналисттердин бири Канышай Мамыркулованы камакта кармоо — Кыргыз Республикасынын Конституциясында кепилдик берилген сөз эркиндигине, адам укуктарына каршы келет. Анын үстүнө анын саламаттыгы абдан кооптуу абалда. Бул боюнча тиешелүү медициналык документтер жактоочу тарабынан көрсөтүлөт. Ырас, Мамыркулова айрым учурда ачуу сындайт. Бирок анын мамлекетке зыян келтире турган, башаламандык уюштуруу боюнча кыянат ою болбогондугун элибиз көрүп, билип турат», — деп жазылган анда.
Кайрылуу ээлери «эгер мыйзам алкагында кандайдыр бир чекилик кеткен болсо, жалгыз бой энени үй камагына чыгарып, териштирүү иштерин жүргүзсө болот» деп белгилешкен.