www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кабмин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттин колдоосу менен 12 жылдан бери иштебей турган "Жыргалаң" көмүр кени ишке киргизилгенин билдирди. Болсун дейли. Бирок деген жагдай бар. 

"Жыргалаң" шахтасынан суткасына 100-120 тонна көмүр чыгарылса, кышында Каракол шаарын, Түп, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорун камсыздоо үчүн 12 миң тонна көмүр керектелет.

" Жыргалаңда" "Дөргө Көмүр" жана "Шахты Жыргалаң" деген эки ишкана бар. Экөө тең жеке компания. "Шахты Жыргалаң" кенинде көмүр запасы 20 миллион тоннага жакын болсо, "Дөргө Көмүрдө" 4 миллион тонна кара алтын запасы бар

Кабмин төрагасы Акылбек Жапаров: "Жыргалаң кенин ишке киргизүү менен Кара-Кече кениндеги күчтү кыскартууга, ошондой эле Кара-Кече кенинен Каракол шаарына жана ага жакын аймактарга көмүр ташууга багытталган каражатты үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт", - деп белгиледи. 

Эң эле кызыгы, аталган "Жыргалаң" шахтасын Садыр Жапаров менен агасы Сабыр Жапаровго тиешелүү. Менчикке чыгарып алышкан соң, иштете алышпай банкрот кылышкан. Кытайдан инвестор тартып жатабыз дешип, кайсы бир үлүшү сатылганы дагы айтылып келген. 

Президент Садыр Жапаровдун жана бир туугандарынын тиешеси бардыгы илгертен айтылып келген "Жыргалаң" шахтасы мамлекетке өтпөгөндөн кийин, анан мамлекет тарабынан кандай шартта колдоо көрсөтүлүп, ишке киргизилиши ачык айтылбай жашыруун болушу коомчулукта көптөгөн күмөн ойлорго жем таштады. 

Ошондо, май кармаган бармагын жалайт дегендей, өз көмөчүнө күл тарткан жорук укуктук жактан алганда, мыйзам бузуулар менен коштолгон жокпу деген суроо туулат?..

Булак: NazarNews.kg

​​​​​​​

Последние новости