www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 11-ноябрда Жогорку Кеңештин экс-депутаты, режиссер Садык Шер-Нияз президенттикке талапкерлигин каттоо үчүн мамлекеттик тил сынагынан өтөт. 

Мурунку эл депутатынын айтымында, анын шайлоо программасы соттордун көз карандысыздыгын жана парламентаризмди коргоого багытталган. Мындан тышкары, Шер-Нияз өзүнүн штабында акысыз иштөөгө  көптөгөн даяр колдоочулары бар экендигин билдирди.

“Бардык кыйынчылыктарды билип, мен күрөшүүнү чечтим” – деди режиссер. Менин колдоочуларым көп, мен буга абдан кубанычтамын. Алардын арасында көрүнүктүү журналисттер бар: Ибраим Нуракун уулу, Шайырбек Абдрахман уулу (ЭлТрдин экс-жетекчиси) жана башкалар. Талапкерлердин массалык маалымат каражаттарында үгүт иштерин жүргүзүүгө канча акча коротконун билем, бирок мени эл колдойт. Мен көп жыл мурун иштеп чыккан даяр программа бар. Анын негизи соттордун көзкарандысыздыгы. Бүгүн мамлекеттик тилди билүү боюнча тестирлөө болот, эртең БШКдан каттоодон өтүүнү пландап жатабыз”, – деди ал.

Кыязы, президенттикке талапкер айрым бизнес структуралар анын үгүт өнөктүгүнө жакынкы аралыкта каржылык колдоо көрсөтөт деп үмүттөнөт.

Мындан тышкары, ал президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун шайлоого катышуу чечимин түшүнүү менен кабыл аларын билдирди, бирок анын айланасында “ошол эле саткын саясатчылар тобу” топтолду деп эсептээрин кошумчалады.

“Садыр Жапаров аракет кылып жатат, ал шайлоого катышууну чечкенин бир жагынан түшүнөм. Ал азыр популярдуулуктун чокусунда, бирок анын айланасында саткын саясатчылардын командасы топтолду. Бул адамдар аны караңгы күндө таштап кетишет. Бул анын негизги катасы”, – деди Садык Шер-Нияз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости