www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров президенттик ыйгарым укуктарын тапшырат

Садыр Жапаров президенттик ыйгарым укуктарын бүгүн, 14-ноябрда, тапшырат. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.

Анын айтымында, Жапаров ыйгарым укуктарын тапшырат. Андан соң Борбордук шайлоо комиссиясына барып президенттик шайлоого катышуу үчүн документтерин берет.

Белгилей кетсек, буга чейин  Жапаров президенттин милдетин аткаруу Жогорку Кеңештин спикерине, ал эми өкмөт башчылык кызматты биринчи вице-премьер аткарып каларын айткан.

Эске салсак, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Ага катышуу үчүн учурда 34 адамдан арыз келип түшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости