www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу БШКнын шайлоонун алдын ала жыйынтыгын чагылдыруудагы мүчүлүштүгүнө байланыштуу билдирүү жасады.
Төмөндө мамлекет башчысынын жазганы (өзгөртүүсүз берилди):
«Урматтуу кыргызстандыктар! Урматтуу шайлоого катышкан партиялардын жетекчилери!
Шайлоо эң жакшы келе жатып эле болбогон жерден БШКнын майда-чүйдө кетирген катасынан, айрыкча, өтпөй калган партиялар тарабынан ишенбөөчүлүк пайда болду.
БШКнын адистери кетирген ката серверге эч тиешеси жок экенин дагы бир жолу тактап чыктык. Сервер берген жыйынтыктар БШКнын адиси кетирген катага эч тиешеси жок.
Акыркы жыйынтык кол менен санактар бүткөндөн кийин чыгат. Кол менен санакка активдүү катышкыла. Санактар бүткөндөн кийин бюллетендерди архив үчүн сактап коебуз. Кимдер кааласа, каалаган участокторун кайсы убакта болбосун ачып, санап алышса болот.
Бийлик тарап, шайлоо процессине кандай кийлигишпеген болсок, БШКнын ишине да дал ошондой кийлигишкен жокпуз. Болгону эки талап койдук. Адилеттүү жана мыйзамдуу иштегиле деп.
БШК тараптан дагы добуштарды бурмалоо болгон жок жана болбойт дагы.
Ооба, БШКнын адисинин шалаакылыгынан мүчүлүштүк кетти. Бирок добуштарды саноонун жыйынтыгына эч кандай тиешеси жок.
Күнөөлүүлөрдү жоопко тартабыз. Азыр УКМК териштирүү иштерин баштады. БШКнын ката кетирген адисинин айрым адамдар менен байланышы жокпу? Балким, «мен ушундай кылып силерге митингке чыкканга шылтоо жасап берем», - деп, алдын ала кандайдыр бир күчтөр менен келишип алган эмеспи деген сыяктуу териштирүүлөр жүрүп жатат. Жыйынтыгын УКМК өзү билдирет».
Булак: NazarNews.kg