www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-ноябрь президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров чет өлкөлөрдүн Кыргызстанда аккредитациядан өткөн өкүлдөрү менен жолугушту. Анда, өлкөдөгү болуп өткөн окуялар боюнча кеп козголуп, азыркы бийликтин легитимдүү экенин жана саясий абал турукташканын билдирди.

Жыйындын башында Руслан Казакбаев өкүлдөрдүн чакырууну кабыл алып, келип бергени үчүн ыраазычылыгын билдирип, жолугушуунун максатын түшүндүрдү.

- Эл чыныгы өзгөрүүлөрдү талап кылып жатат жана жаңы Кыргызстанды курууга үмүттөнүүдө. Бүгүнкү жолугушуу өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу боюнча, өлкө жетекчиси тарабынан көрүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө түздөн-түз толук маалымат алууга жана мамлекеттик башкарууда конституциялык, укук коргоо, социалдык-экономикалык чөйрөлөрдө, элдин жашоосундагы өзгөрүүлөргө жетишүү максатында реалдуу реформаларды жүргүзүү, ошондой эле укуктук, демократиялык мамлекетти түзүү боюнча каалоолорун билүүгө мүмкүнчүлүк жаратат, - деди Казакбаев.

Жыйындын жүрүшүндө Садыр Жапаров сөз сүйлөп, чет өлкөлүк өкүлдөргө кайрылды.

Ал өлкөгө болгон бүдөмүк ойлордун баарын алып салуу үчүн атайын жолугушуу уюштурганын, азыркы учурда өлкөдө коомдук, саясий абал туруктуу экенин айтып, чет өлкөлөрдөн көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

- Кыргызстан эл аралык келишимдерди, милдеттенмелерди аткарарын ырастайм. Бул жолугушуу өз ара пайдалуу кызматташуунун мындан ары өнүгүүсүнө импульс берет деп ишенем. Кыргызстанда болуп жаткан процесстерди эл аралык өнөктөштөрдүн позитивдүү кабыл алышына объективдүү маалымат берүүдө көмөк көрсөтүүңөрдү өтүнөм. Ошондой эле өлкөдө зарыл реформаларды жүргүзүүдө, инвестиция тартууда, COVID-19 инфекциясына каршы күрөшүү жана социалдык-экономикалык абалды калыбына келтирүү, анын ичинде мамлекеттик инваестициялардын алкагында долбоорлорду ишке ашыруу багытында баарыңыздарды колдоо көрсөтүүгө чакырам, - деди Жапаров.

Өкмөт башчы ошондой эле алдыдагы президенттик шайлоого катардагы жаран катары катышарын айтып, шайлоонун таза өтөрүнө ишеничин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости