www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Элдин эсебинен жеген токочуңардан айрылып жатканыңарга, ичиңер туз куйгандай ачышып, акыркы күчүңөрдү элди чабыштыруу максатында уюштурулган митингтерге жумшап жатасыңарбы?", - деп жазды Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына. 

 -"Отуз жылдан бери, элдин ырыскысын каалаганындай мойсоп жүргөндөр, эл менен эсептешкенди таптакыр унутуп калгандыгын өздөрү эле далилдеп беришти. Ага эл күбө. "Референдумга каршыбыз" деп митингтерди  уюштуруп да жатышат. Референдумга эмне үчүн каршы болуп жаткандарына, жада калса өздөрү жооп бере алышпайт. Жүйөлүү бир жооптору жок.  Референдумда, президенттик башкаруу болсун же парламенттик башкаруу болсун деген элдин пикири билинет да. Элдин пикирин сурап билип алуунун эмнеси жаман?

Биринчи кезекте бир ууч топтун эмес, калктын, жалпы элдин пикирин билип алып анан баш мыйзамды кабыл алалы да. Мындан ары эл менен эсептешкенди үйрөнөлү. Үйрөнгүлөрү келбей тескери сүйлөгөндөрдү, үйрөтөбүз. 

Көрсө, отуз жыл бою элдин ырыскысына  кол салып, баш мыйзамды каалагандай калчап жүрүп, булар таптакыр көнүп бүтүшкөн турбайбы... Эми, элдин эсебинен жеген токочуңардан айрылып жатканыңарга, ичиңер туз куйгандай ачышып, акыркы күчүңөрдү элди чабыштыруу максатында уюштурулган  митингтерге жумшап жатасыңарбы? Элдин көзү эбак ачылган, эл да түшүнүп турат, көмүскө максатыңарды. Канчалык аракет кылбагыла, баардык аракеттериңерден эч бир майнап чыкпайт"-, деген пикирин билдирди Садыр Жапаров.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости