www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Nazarnews маалымат агенттиги экономист Сейдалы Мырзакматовду кепке тартып, айрым суроолорго жооп алдык.

- Сейдалы мырза, президенттик шайлоого аз калды. Коррупционерлер менен аесуз  күрөш башталды. Аларды кустуруп, төлөткөндөн маселе чечилеби?

- Президеттик шайлоо өнөктүгү түз эле финишке чыкты. Өкүнүчтүүсү, эмнегедир жашы-карысы дебей баары эле эски стреотиптерден чыга албай жаткансыйт. Баары эле коррупционерлерди кустурам, акчаларын бюджетке төгөм деп жулунуп жатышат.

Коррупционерлер жеп кеткен акчаларды кайтарган эң жакшы дечи. Бирок, ал каражаттар бир чөнтөктөн экинчи чөнтөккө которулганда көбөйүп кетпейт да. Кустурам, таптырам дегендер коррупционерлерди экинчи уурдагыс кылып, чет өлкөдөгү оффшорлорунан бери кайрып келишсе коррупция менен чыныгы күрөш болмок. Бирок, ал нерсе ишке ашаарын кудай билет. Кандай болгон күндө да өлкө өнүгүү жолуна түшүшү керек. Коррупционерлерден арылышыбыз керек. Керек болсо, аларды экинчи уурдагыс, мамлекеттин ырыскысына кол салгыс кылыш керек.

- Коррупция биздин эле мамлекетте гүлдөп кеткенби же башка мамлекеттерде дагы барбы?

- РФ, РК, КНРде деле коррупционерлер кокодон. Аларда акча, кен байлыктар көп, ошол себептен бизчелик көп билинбейт. Айтайын дегеним, Кыргызстанда саналуу эле акча бар. 20-30 жылдан бери ошону эле талашып жүрүшөт. Ошон үчүн биздеги коррупция айдан ачык көрүнүп калат.

- Кыргызстан кайсыл тармактарды жандандырса, экономикада жылыш болот?

- Кыргызстан айыл чарбасы, туризм, тоо кен өнөр жайы жана финансы- кредит сферасы менен экономиканы жогорулатса болот. Бирок булар жарытып акча бербейт. Сарптап, кайра иштетип өндүрүү, мүмкүнчүлүгү ушул тармактар аркылуу колго алса болот.  Бир аз болсо да ушул жакта перспектива бар. Ошондой эле транзиттик товарлардан дагы пайда көрсөк болот. Анткени, реэкспортко эми партнер өлкөлөр жол беришпейт.

Негизи адам потенциалы гана бизди экономикалык туңгуюктан чыгарып кете алат. Себеби, Кытай кошуна болуп турганда өндүрүштөн экономиканы көтөрүү кыйын нерсе болуп калат. Ошентсе да, биз үчүн эң негизги жол азырынча ата мекендик өндүрүш менен импортту алмаштыруу керек. Ушуга жетише алсак да экономикага жардам болмок. Айтайын дегеним, Кыргызстанга жылына 3 млрд. долларга чейин салган кыргыз мигранттары бар.

Албетте ал акчалардын жарымы же көбү товар үчүн жумшалат.  Бирок баары бир ал акчалар Кыргызстандын экономикасына иштеп, жок эле дегенде бир айланат.

- Президент болуп шайланып келген адам шайлоодон кийин кандай чечкиндүү кадамдарга барышы керек?

- Экономиканы көтөрүү үчүн чечкиндүү кадамдар бул - импортту алмаштыруу (импортзамещение), ансыз эч нерсе чечилбейт. Мен Кытайда көп жолу болгом. Алар менен жакынкы жылдары конкурент болуу кыйын. Балким, сырье сатсак анан экзотикалык товарлар болсо алышы мүмкүн.

Негизи президент болуп шайланган адам Кыргызстандын экономикасын көтөрүш үчүн баарын старттап түзө ала турган Билл Гейтс же Алибаба, Амазон сыяктуу генийлерди издеши керек.  Бирок атактуу экономист, философ Фон Мизес генийлерди фабрикада өстүрө албайсың, алар өздөрү жаралыш керек деп жазгандай айла жок экономиканы стартап түзө турган авторлорду күтүшүбүз керек. Бирок майда стартаптарды түзө бериш керек. Мисалы, биткойн бизнесинен эле дүйнө жүзүндөгүлөр канча акча жасап алышты. Мына ошондой бизнестер бизди да өнүктүрөрүн эске алышыбыз керек.

- Айыл чарбаны гүлдөтсөк, экономика бат жогорулайбы же башка нерсе өндүрүшүбүз керекпи?

- Айыл чарбасын гүлдөтүп, экономиканы жогорулатсак деле болот. Бирок ал тамактын чамасы чакталуу. Бир аз эт экспорттой коюп, Кыргызстан эли эт жебай калганга чейин жетти. Мисалы дүйнөдө эмне үчүн жогорку технологияда жасалган товарлар бааланат. Анткени, аларда НДС көп. Айыл чарбасы эмне үчүн бааланбайт. Чыгымы көп, НДС аз. Мисалы, жаңы Айфон союшка арналган кымбат жылкы, же он тонна картошкага барабар. Баалары эквивалент десек болот. Бирок, биз азыр аларды азырынча өндүрө албайбыз. Анткени, баасы кымбат болот.

- Импортту алмаштырсак эле экономикада өсүш болот деп үмүт артсак болобу?

 - Азырынча Кыргызстандын экономикасы үчүн бир эле жакшы жол турат. Бул импорттуу алмаштыруу. Бүт экономика китептери экспорт жана экспорт деп үйрөтүп келишкен. Бирок импортту алмаштыруу бул деле экспорт, Туризмге окшоп эле валютаны сактап калат же алып келет. Азыр Кыргызстан үчүн валюта кирген жолдор дээрлик токтоду. Бирок бизде башка өлкөлөрдөн айырмаланып, стабилдүү валюта келип турган статьябыз бар: бул мигранттардын акча которуулары. Ошол акчалар өлкөдө калыш керек.

Акыркысы бул биздин тексттиль же самопошив. Бирок бул статья көп ишенимдүү эмес. Кыргыз-өзбек мамилелеси жакшырганы базарды бүт өзбек товарлары басып кетти. Бирок, бул тармакты кенен өздөштүрүп жакшы жолго койсок болот.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости