www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Мирлан Амантуров УКМКнын тергөө абагына 28-февралга чейин камакка алынды. Мындай чечимди 2020-жылдын 31-декабрында Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Маалыматка ылайык, сотко чейинки процесстин алкагында ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта болот.

Эске салсак, экс-вице-мэр Мирлан Амантуров 29-декабрда ишенип берилген мүлктү менчиктеп, максатсыз колдонгон деген шек менен кармалган.

2015-жылдан 2019-жылга чейин Мирлан Амантуров колдогон компанияларга 100 миллион сомдон ашык суммадагы муниципалдык буйрутмалар берилген, алардын айрымдарын менчиктештирип алышкан. Муниципалитеттин өз убагында каржылоосуна карабастан, подрядчиктер жумушту толугу менен аяктаган эместиги аныкталган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости