www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чийки сүттөгү антибиотикке карата жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы кандай болгонун өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын мамлекеттик ветеринардык көзөмөл башкармалыгынын башкы инспектору Мира Искембаева билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик инспекция ушундай эле изилдөө жүргүзгөн жарандын арызын карап чыгып, бирок ал изилдөөгө текшерүүнү тастыктоочу протоколун тиркеген эмес.
--"Чийки сүттөн 90 үлгү алынган. Ар бир үлгү өзүнчө сүт жыйноочу болуп саналат. Анын ичинен Бишкек боюнча жети жерден, Талас облусунан 20 үлгү, калганы Чүй облусунан болду. Жалпысынан пенициллин, тетрациклин, левомицетин жана стрептомицин антибиотиктерине карата 360 изилдөө жүргөн. Анын жыйынтыгында 17 үлгүдө аталган заттар бар болуп чыкты", — деди Искембаева.
Ал антибиотик чыккан 17 үлгү кайсы аймактардан экенин да ачыктады.
"Текшерүүдө оң натыйжа берген 17 үлгүнүн экөө Бишкек шаарынан катталды, Таластан да экөө, ал эми Чүй облусунан 13 үлгүдөн чыккан (анын алтоо Ысык-Ата районунан)", — деп белгиледи ал.
Искембаева үлгүлөр сүт чогулткан адамдардын ар биринен алынгандыгын, анткени аларда мал ээлеринин тизмеси бар экендигин баса белгиледи.
--"Мал ээлери жана ветеринарларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Антибиотиктерди пайдалануунун алдында алар анын колдонуу жолун өздөштүрүүсү зарыл. Ветеринардык дарыканаларга да эскертүү берилди", — деди Искембаева.
Ал арада Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын мамлекеттик ветеринардык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Төлөн Ырсалиев бир нече жыл мурдагы көрсөткүч мындан начар болгонун белгиледи.
Анын айтымында, инспекция бул көйгөй боюнча активдүү иш алып барып жатат.
--"Азыркы учурда 17 үлгү оң натыйжаны көрсөтсө, бир канча жыл илгери бул көрсөткүч 40ка жеткен, керек болсо 60ка чыккан учурлар болгон. Антибиотиктер чыккан учурлар сээлдеп калды. Анткени бул багытта биз иш жүргүзүп жатабыз. Бирок акыркы жыйынтык кооптуу тенденцияны билдирет, биз бул заттардын сүттө таптакыр жок болушу үчүн аракет кылышыбыз керек", — деди Ырсалиев.
Ал ошондой эле бул иште инспекцияга мамлекеттин да, элдин да көмөгү зарыл экенин белгиледи.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg