www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

23 жаштагы душанбелик кыз кыздык белгисин First Night (Биринчи түн) онлайн-аукциону аркылуу 10 миң долларга сатууну чечти. Бул платформада дүйнө жүзүндөгү жүздөгөн кыздар «алгачкы түнүн» колунда бар эркектерге сатышат.

Жакында аукциондо пайда болгон 23 жаштагы тажикстандык кыздын лотунда: «Мен бойтойгон жакшынакай кызмын. Келечекте жакшы аял болуу үчүн бай эркек издеп жатам. Тил алчаак, жароокер жана ак көңүлмүн. Мен кыз бойдонмун», — деп жазылган.

«Азаттыктын» тажик кызматы бул кыз менен байланышкан. Ал үй-бүлөсү карызга батканын, жакындарына жардам берүү үчүн кыздыгын сатууну чечкенин билдирди.

Кыз чыгымды кардар төлөсө, кыздыгын текшертүү үчүн медициналык кароодон өтүүгө даяр экенин кошумчалады.

Аукциондо кыздыктын баасы жашка жана өң-түскө жараша 3 миңден 1 млн долларга чейин бааланат.

Тажикстанда кыздар күйөөгө чыгар алдында аруулугун текшертүү үчүн медициналык кароодон өтүшөт. Укук коргоочулар муну адам укугун бузуу катары аташып, тажик өкмөтүн аталган талапты жокко чыгарууга чакырышкан.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости