www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Жетим-Тоо" кенине чалгындоо иштери жүргүзүлүп, ал жакта кандай кен байлыктар бар экендиги жалпы коомчулукка жарыялансын. Мындай пикирди "Жетим-Тоону" коргоо кыймылынын жетекчиси Тилекмат Кудайберген уулу маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө аталган кен чыга турган жайды изилдебей туруп, иштетебиз дегендер болуп жатат.
"Биздин уюм бүгүн чечим кабыл алып, аны маалымат жыйында айтып жатабыз. "Жетим-Тоо" кенине чалгындоо иштери жүргүзүлүшү керек, ал жакта башка дагы кендер бар. Ошолорду жалпы коомчулукка ачыктасын. Эгер "Жетим-Тоо" ишке кирсе абдан радикалдуу иш жүргүзөбүз. Биринчи кезекте ачкачылык жарыялайбыз. Ал жерде Кызыл китепке кирген жаныбарлар, өсүмдүктөр, мөңгү да бар. Ал байлыктарды сактап калуу керек. Аталган кенге 50 жылдык мораторий киргизүү талабын көтөрүп жатабыз", - деди "Жетим-Тоону" коргоо кыймылынын жетекчиси Тилекмат Кудайберген уулу.
Буга чейин "Жетим-Тоо" кени темирдин запасынын көлөмү боюнча дүйнөдө экинчи орунда тураары, анда жалпысынан 3 миллиард 344 тонна темирдин запасы бар экендиги кабарланган.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg