www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын 82 жаштагы тургуну Барбара Гатри Лэй Рождество майрамынын алдында коронавирустан улам каза болуп, бирок кайра тирилген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, Барбара коронавирус жуктургандан кийин дем алуусу начарлап, 20-декабрда ооруканага түшкөн. 2 күндөн кийин дарыгерлер аны каза болду деп, уулу Том Келлиге кайгылуу кабар беришкен.

Бирок, бир нече мүнөт өткөндөн кийин Том Келлиге ооруканадан телефон чалышып, апасынын жүрөгү кайра согуп баштаганын билдиришкен.

«Дарыгер катары болгон окуяны айтып берүү үчүн бир гана сөз бар — укмуш», - деди Том Келли.

Барбараны интенсивдүү терапия бөлүмүнөн жалпы палатага которушту. Ал окуя тууралуу азырынча билбейт.

Чет элдик басылмалар белгилегендей, Барбара 101 жашка чейин жашоону пландаган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости