www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Текебаев өз каалоосу менен фракция лидерлигинен кетти. Бул тууралуу журналист Динар Турдугулова өзүнүн социалдык тармагына жазып чыкты.
Бүгүн, 5-январда “Ата Мекен” фракциясынын жыйыны болду. Жыйында эки маселе каралды:
1. “Ата Мекен” фракциясынын лидерлигин аркалап келген Өмүрбек Текебаев өз ыктыяры менен фракция лидерлигинен баш тартып, ордуна Айсулуу Мамашова лидер болуп шайланды.
2. “Ата Мекен” фракциясынын депутаты болуп, бирок, партиянын да, фракциянын да иш-чараларына катышпаганы үчүн Гульнара-Клара Самат фракция мүчөлүгүнөн чыгарылды.
Бул чечим “Ата Мекен” фракциясы менен партиянын байланышын күчөтүү үчүн “Ата Мекен” фракциясы жөнүндө” Жобого киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык кабыл алынды, - деп кошумчалаган.
Булак: NazarNews.kg