www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетика тармагындагы абал катастрофалык кырдаалга кептелип, 137 млрд сом карыз бар. Бул тууралуу Бишкектин Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн ант берүү аземинде президент Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, мындай абалдан чыгуу өтө оор кыйынчылык менен коштолоору айкын.

«Отуз жыл бою топтолгон беш миллиард долларлык ички-сырткы карызыбызды толук төлөө милдети да менин багыма – президенттигим башталган мезгилге туш келди. Ал ортодо, коронавирус пандемиясы да республиканын бюджетине кескин түрдө кедергисин тийгизди. Энергетика тармагындагы абал катастрофалык кырдаалга кептелип, 137 миллиард сом (1,5 млрд доллар) карызы бар экен. Ошондуктан, менин алгачкы президенттик жарлыктарым кризистик жагдайдан чыгуу, экономиканы жандантуу чараларын камтууга багытталат», - деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо өтүп, анда Садыр Жапаров 79,2% добуш менен жеңип чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости