www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Алардын сүйлөшүүсү 13-майда уюштурулганын өлкө башчынын басма сөз кызматы жарыялады.
«Эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында буга чейин жетишилген келишимдердин ишке ашырылышы талкууланды.
Мамлекет башчылары жалпы мусулмандардын ыйык майрамы болгон Орозо айт менен бири-бирин куттуктап, Кыргызстан менен Түркия элдерине гүлдөп-өнүгүүнү жана тынчтыкты каалашты.
Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоганга моралдык жана гуманитардык колдоо көрсөткөндүгү үчүн жана мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон акыркы окуяларда жабыр тарткан Баткен облусун калыбына келтирүүгө көмөктөшүүгө даярдыгын билдиргени үчүн ыраазычылыгын айтты.
Өз кезегинде Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу кагылышууда каза болгон жарандар тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алганын белгилеп, боордош Түркия элинин атынан алардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтты.
Тараптар эки өлкө ортосундагы өз ара кызматташууну мындан ары арттыруу боюнча биргелешкен пландарды белгилешти», - деп айтылат билдирүүдө.
Булак: NazarNews.kg